ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган 8 аткаминердин иши боюнча соттук уктурууда мыйзамсыз далилдердин тизмеси каралат (видео)

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган Сапар Исаков жана дагы 7 аткаминердин иши боюнча соттук уктуруу өтүүдө.

18-февралда бул кылмыш иши боюнча соттук алдын ала уктуруу жабык өткөн. Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов бүгүн өтө турган алдын ала угууда мыйзамсыз далилдердин тизмеси карала турганын билдирген.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда камакка алынган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gazgolder
2019-02-27 10:23:44
ЖЭБ учун баардык чиновниктерди оптом эле камап коюш керек эле эмнегедир сапар жалгыз отурат. калгандары эмне суттон акпы? адилетсиз иш болуп турат!
0
Дарыгер
2019-02-27 10:45:36
Көргөзө элек эле далилди мыйзамсыз дейт. Адвокат болмуш
+1
Erik2018
2019-02-27 12:02:26
Сапар баш болуп, 8 аткаминер баары тийишттүү жазасын алып чыгышы керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан