Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде аяктайт

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

“Белгилүү болгондой, Бишкек ЖЭБи боюнча 5 кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кылмыш иштерине шектүү адамдардын бардыгына айып тагылган, учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Козголгон кылмыш иштери боюнча тиешелүү болгон бардык экспертиза жана аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Белгилей кетүү керек, бул жерде миллиарддаган суммада коррупциялык иштер болгондугу аныкталган. Бир айдын ичинде тергөөнүн жыйынтыгы белгилүү болот”, - деди ал.

Мындан сырткары Коопсуздук кеңешинин катчысы коомчулукта резонанс жараткан кылмыш иштерине да токтолуп өттү.

"Мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин негизинде (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш иши козголгон. Ага жооптуу кызматта отуруп ири өлчөмдөгү зыян келтиргени үчүн сырттан айып тагылган. Андан сырткары, Шадиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштык кирешелерге катыштыгы бар делинип бир нече кылмыш иши козголгон. Ал чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн атайын кызматы Аскарбек Шадиевди издөө үчүн Интерпол менен биргеликте иш жүргүзүшүүдө", - деди Сагынбаев.

Мындан сырткары Сагынбаев Тарых музейин жаңылоодо бир нече мыйзам бузууларга жол берилгендигин айтып өттү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан