Бүгүн, 26-июнда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында жарандык активист Мелис Аспековдун арызында баяндалган мыйзам бузуу фактыларын текшерүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мөөнөтүн узартуу сунушталды.
Маалыматка ылайык, жумушчу топ 5-июнда түзүлгөн. Анда текшерүүнүн мөөнөтү 1-сентябрга чейин белгиленген. Жумушчу топтун мүчөлөрү 21-июнда Бишкек шаарындагы №1-тергөө абагында жаткан Аспеков менен жолугушкан.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Аспеков ага карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө бир тараптуу болуп, эч кандай күнөөсү такталбагандыгын, ал фактылар менен далилденип турса дагы соттор 1 жыл 7 айга эркинен ажыратып койгондугун айтты. Аспеков камакка алынганда 2017-жылы 10-октябрда аны УКМКнын бир кабинетине киргизип, колуна телефон берип кылмыш чөйрөсүндөгү адам менен сүйлөштүргөн. Ал адам Канат Исаевге карата каршы көрсөтмө бер деп коркуткан экен. Аспеков Исаевге карата каршы көрсөтмө бергенге макул болбогонун айтты", - дейт.
Ошону менен катар эле Жээнчороев мурунку түзүлгөн жумушчу топко дагы кошумча мүчөлөрдү киргизүүнү сунуштады. "Такталбаган жагдайларды иликтөөгө кошумча убакыт берүүнү сунуштайбыз", - деди Жээнчороев.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин депутаттары чечим кабыл алышты. Анда жумушчу топтун мөөнөтү 20-сентябрга чейин узартылды. "Башкы прокуратура Аспековдун кайрылуусунда келтирилген фактыларды толук текшерип чыгып, жыйынтыгын 20-июлга чейин маалымат берсин. Ошондой эле жумушчу топтун курамына Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун эксперти Бакытбек Касымкулов, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын прокурору Урмат Карыпбеков киргизилсин", - деп чечим кабыл алынды.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын октябрь айында президенттик шайлоого бир апта калганда жарандык активист Мелис Аспеков "талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык уюштурууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынган. Бишкек шаардык сот Аспековду 1 жыл 7 айга эркинен ажыраткан.