Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысы Кубат Оторбаев кызматынан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кубат Оторбаев кызматынан өз каалоосу менен 26-июнда кетти.
Оторбаевдин кызматтан кетип жатып жасаган кайрылуусу:
"Акыйкатчы катары өз ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимине келдим. Ар бир жаран жана мамлекеттик кызматкердин билими жана иш тажрыйбасы башка тармакка керек болгон кез келет, ошол тармакта адам өлкөгө чоң салым кошуусу мүмкүн. Ошондой учур мага да келип олтурат. Бул ойлонулган, таразаланган чечим жана өз эрким менен кабыл алдым.
Мен иштеген 2 жарым жыл аралыгында элдин аярлуу катмарына жөлөк болуп, алардын датын, арманын уктук, юридикалык кеңешибизди бердик, ар кыл жардамдарды көрсөттүк. Сот, прокуратура жана күч органдарынан акыйкаттык таба албаган адамдар бизге кайрылып турушту, аларга көмөк кылып, укуктарын коргоп бердик", - дейт Оторбаев.
Айта кетсек, Кубат Оторбаев президентке кайрылып, Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну жана Карганбек Самаковду актоону суранган.
Оторбаев Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен шайланып, бүгүнкү күнгө чейин аталган кызматты ээлеп келген.
Кубат Оторбаев 1972-жылдын 13-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылында жарык дүйнөгө келген.
Жогорку билимдүү. 1995-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
1994-2000-жылдары — "Асаба" гезитинин корреспонденти, башкы редактордун орун басары;
2000-жылы — "Кыргыз Руху" гезитинин башкы редактору;
2000-2002-жылдары - Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча IWPR Британ институтунда стрингер;
2002-2005-жылдары - "Азаттык" радиосу менен Интернет-сайттын корреспонденти жана редактору;
2005-жылы — "Азаттык медиасынын" директору;
2010-жылы — Коомдук телерадио корпорациясынын убактылуу башкы директору;
2010-2014-жылдары — Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору болуп дайындалган.
2015-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы болуп иштеп келе жаткан.