SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.
Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" чыгармасы кошулду.
"Клипти клипмейкер Эрнист Сыдыков Жалал-Абаддан тартып келген. Клип тартылып жаткан учурда мен Орусияда гастролдо жүргөм. Ошондуктан клиптеги кызыктуу учурларды деле билбейм. Эрнист Сыдыков мен жок болсом дагы оюмдагыдай клип тартып берди. Анан дагы клип тартылган айылдын эли менин чыгармама клип тартылып жатканын угуп, чыгармачыл топту коноктоптур. Аябай ыраазы болуп калдым", - дейт ал.
20-ИЮНДАН 27-ИЮНГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Амир Аскаровдун "Кызганам" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы ээлеген.
8-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасына буюрган.
7-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына буюрган.
6-орун - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби 3 баскычка төмөндөгөн.
5-орунду - Анжеликанын "Жаным, сага баратам" чыгармасы камсыздаган.
4-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.
3-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы ээлеген.
2-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" камсыздаган.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нурлан Насиптин "Мектебимди сагындым" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн шилтеме.