Милиция бөлүмүндө бычакталган 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын каза болгонуна 1 апта өтсө да, бийлик бул окуяга жетиштүү көңүл бурган жок. Мындай пикирди социалдык тармактын колдонуучулары жазып, "#Бурулайбиздикечир..." деген хэштег менен кыз ала качууга каршы болуп, укук коргоо органдарынын жоопкерчиликсиздигине нааразы экенин билдиришүүдө.
Дал ушул нааразычылыктар күч болуп турган маалда президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушканы кабарланды.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө өзгөчө көңүл бурганы айтылат.
Президент бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айтты.
"Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл", - деди Жээнбеков.
Президент ошондой эле балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну өкмөт башчыга сунуш кылгандыгы айтылат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган сунуштун негизинде атайын кеңешме өткөрүп, Бурулай Турдали кызынын окуясына токтолду.
Өкмөт башчы бул мыкаачылык көрүнүш жана жарандарды кылмышкерлерден сактоочулардын кылмыштуу шалаакылыгы жалпы мамлекеттин аброюна көлөкө түшүргөндүгүн айтты.
"Эгерде адам укугун сактай албасак, анда кайсы өнүгүү тууралуу кеп кылууга мүмкүн? Күчтөп никеге туруу кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар жактардын гана күнөөсү эмес, жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн тоскоолдук келтирүүчү фундаменталдуу адам укугун бузуу болуп саналат. Бурулайдын кайгылуу окуясы коомдун "салтка айланган" ала качуу көрүнүшүнө карата мамилесин түп-тамырынан карай өзгөртүүгө чакырык болуусу керек. Бул көрүнүштүн кыргыз элинин салтына жана маданиятына эч кандай тиешеси жок", - деп белгиледи Абылгазиев.
Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБинежеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.