1-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычындагы беттештер уланат. Анда Сочи шаарынын "Фишт" стадионунда Уругвай-Португалия беттеши орун алат. Беттешин башкы калысы Сесар Рамос Паласуэлос (Мексика) болмокчу. Айта кетсек, плей-офф баскычынын алгачкы беттешинде Франция курамасы Аргентинаны утуп, чейрек финалдык баскычка өтүп кетти.
23:40. Уругвай курамасынын тизмеси:
23:42. Португалия курамасынын тизмеси:
23:53. Командалар оюн талаасына чыгып, алгач Уругвайдын гимни жаңырды.
23:57. Португалиянын гимни жаңырып, командалар беттешти баштоого даяр.
00:00. Калыс беттешке старт берди. Топту алгач Португалия курамасы оюнга кошту.
00:01. Алгачкы мүнөттө эле Кавани эреже бузганга үлгүрдү. Топ португалиялыктарда.
00:02. Бернарду Силва айып аянтчага чыгарылган топту дарбазага багыттоо аракетин көрдү. Бирок таамай боло алган жок.
00:03. Нандес оң канаттан чабуулга чыгып, айып аянтчага топту чыгаруу аракетин көргөн, бирок коргоочу топту тосуп талаадан сыртка чыгарды. Уругвайлыктар топту бурчтан чыгарат.
00:04. Лукас Торрейра топту бурчтан чыгарган, бирок анын өнөктөштөрү топко жеткен жок.
00:05. Криштиану Роналду айып аянтчанын сыртынан алгачкы кубаттуу соккусун аткарды. Таамай барган топту дарбазачы тосуп алууга жетишти.
00:06. Го-о-о-о-о-л!!! Эсеп 1:0. Эдинсон Кавани эсеп санын ачты. Ал айып аянтчага чыгарылган топту 5 метр аралыктан дарбазага багыттап, гол киргизгенге үлгүрдү.
00:08. Португалия топту оюнга кошуп, алгачкы чабуулу менен Гонсалу Гедеш офсайд абалында болуп калды.
00:10. Португалиялыктар топту бурчтан чыгарып, бул стандарттык абалды ийгиликтүү аткара алган жок.
00:12. Роналду сол канаттан чабуулга чыгып, айып аянтчанын сыртынан сокку узатты. Топ коргоочуларга тийип калды.
00:13. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 65 пайыз, Уругвай - 35 пайыз.
00:14. Луис Суарес позициялык чабуулду улантып, айып аянтчага кирип сокку узатты. Топ коргоочуга тийип талаадан сыртка чыгып кетти. Уругвайлыктар топту бурчтан чыгарып, ийгиликтүү боло алган жок.
00:15. Учурда португалиялыктар чабуулга чыгып, азырынча кооптуу абалдарды жарата элек.
00:16. Гонсалу Гедештин оң канаттан айып аянтчага чыгарылган тобун Муслера тосуп алды.
00:18. Талаанын орто бөлүгүндө чабуулга чыгып бара жаткан Суареске каршы оюн эрежеси бузулду.
00:20. Кайрадан Суареске каршы эреже бузулду. Уругвайлыктар айып аянтчага жакын жерден айып соккуну аткарышат.
00:21. Айып соккуну Суарес аткарды. Ал дарбазанын төмөнкү оң бурчуна таамай соккуну багыттаса, дарбазачы аны тосуп алууга жетишти. Уругвай чабуулун улантат.
00:23. Португалия уругвайлыктардын ийгиликсиз чабуулунан соң топко ээ болуп, позициялык чабуулга чыгууда.
00:24. Диего Годин атаандашына карата оюн эрежесин бузду. Португалия стандарттык абалды аткарат.
00:25. Португалиялык футболчулар айып сокку менен колдоно алган жок.
00:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 60 пайыз, Уругвай - 40 пайыз.
00:27. Соккулар боюнча статистика: Португалия - 6, Уругвай - 4.
00:29. Португалиянын чабуулу оң канаттан уланып, топ Криштиану Роналдуга жеткен. Ал 1 коргоочуну алдап өткөнү менен, 2-оюнчуну алдап өткөнгө үлгүрбөй калды.
00:30. Родриго Бентанкур эреже бузуп, португалиялыктар кооптуу жерден айып сокку аткарат.
00:31. Айып соккуну Криштиану Роналду аткарып, тилекке каршы, узаткан соккусу таамай болбой калды. Топ уругвайлыктарга кайтып келди.
00:32. Португалиялыктардын кезектеги чабуулу кайрадан жыйынтыксыз болууда.
00:35. Каваниге каршы орой түрдө оюн эрежеси бузулду. Калыс эреже бузууну каттаганы менен, айып кагазын алып чыккан жок.
00:40. Карвалього каршы оюн эрежеси бузулду. Португалиялыктар топту стандарттык абалдан оюнга кошот.
00:43. Луис Суарес жеңил жаракат алып, медициналык жардам алууда.
00:45. 1-таймдын негизги убактысы аяктап, калыс 2 мүнөт кошуп берди.
00:47. Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аяктады.
01:03. Сесар Рамос Паласуэлос 2-таймга старт берди. Тыныгуудан кийин командаларда алмаштыруу орун алган жок.
01:04. Алгачкы мүнөттөрдөн Уругвай курамасы атаандашын кысымга алып, азырынча чабуулга чыгарбай жатат.
01:06. Уругвай топко ээ болуп, позициялык чабуулун аткарууда.
01:07. Суарес топту жоготуп, атаандашына каршы эреже бузганга үлгүрдү. Топ португалиялыктардын карамагына өттү.
01:09. Бернарду Сильва өнөктөшү менен оң канаттан чабуулга чыгып, топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
01:10. Бернарду Силва топту бурчтан чыгарып, бирок айып аянтчадан өнөктөштөрүн таба алган жок. Топту уругвайлык коргоочулар дарбазадан алыс чыгарып салышты.
01:13. Го-о-о-о-о-л! Эсеп 1:1. Пепе бурчтан чыгарылган топту башы менен дарбазага багыттап эсепти өзгөрттү. Фернандо Муслера топту тосконго жетишпей калды.
01:15. Диего Лаксальтка каршы орой түрдө эреже бузулду. Калыс эреже бузууну каттаганы менен, айып кагазын көрсөткөн жок.
01:17. Португалиялыктар топко ээ болуп чабуулдарды аткарууда. Бирок алар азырынча ийгиликтүү болбой жатат.
01:18. Гонсалу Гедештин соккусунан кийин топ уругвайлык коргоочуларга тийип, оюн талаасынан чыгып кетти. Португалиялыктар топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алды.
01:20. Го-о-о-о-л! Эсеп 2:1. Эдинсон Кавани 2-голун киргизди. Ал айып аянтчанын сыртынан өнөктөшүнүн чыгарып берүүсүн кабыл алып, дароо узаткан соккусу менен өзүнүн жана кураманын эсеп санына 2-голун жаза алды.
01:21. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Родриго Бентанкурдун ордуна оюнга Кристиан Родригес кошулду.
01:23. Португалиялык машыктыруучу дагы курамасына өзгөртүү киргизди. Адриен Силванын ордуна оюн талаасына Рикарду Куарежма чыкты.
01:25. Куарежма оюнга кошулуп, дароо кооптуу абал түзгөнгө жетишти. Ал оң канаттан чабуулга чыгып, сокку узатты, топ коргоочуларга тийип оюн талаасынан чыгып кетти. Португалиялыктар топту бурчтан чыгарышат.
01:26. Топко ээлик кылуу боюнча статистика: Португалия - 61 пайыз, Уругвай - 39 пайыз.
01:28. Геррейронун айып аянтчага чыгарылан тобун Муслера алгачкы аракети менен тосо албай топту коё берип жиберди. Сильва дароо сокку узатып, таамай болбой калды.
01:29. 2 голдун ээси Эдинсон Кавани жаракат алып, оюнду уланта албай калды. Азырынча уругвайлыктар 10 оюнчу менен беттешти улантмакчы.
01:32. Эми гана топ оюн талаасынан чыгып, алмаштыруу орун алды. Стуани Каванинин ордуна оюнга кошулду.
01:33. Португалия курамасында алмаштыруу орун алды. Андре Силва Гонсалу Гедешти алмаштырды.
01:34. Рикарду Куарежма командасына топту бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып келди. Аны Куарежма өзү аткарат.
01:35. Куарежманын чыгарып берүүсүнө алгач уругвайлык коргоочулар жетип, топту айып аянтчадан чыгарышты. Рафаэль Геррейро айып аянтчанын сыртынан топту алып дароо сокку узатты. Бирок ал таамай болгон жок.
01:36. Криштиану Роналдунун соккусун кайрадан коргоочулар тосуп алды. Роналдунун аракеттери азырынча ийгиликтүү болбой жатат.
01:38. Уругвай курамасында алмаштыруу орун алды. Наитан Нандес оюн талаасынан кетсе, Карлос Санчес оюнга кошулду.
01:41. Португалиянын чабуулдары беттештин аягына жакындаган сайын кооптуу болууда. Бирок азырынча жыйынтык жок.
01:43. Португалия оюнчусун алмаштырды. Мануэль Фернандеш Жуан Мариунун ордуна оюнга кошулду.
01:44. Соккулар боюнча статистика: Португалия - 16, Уругвай - 6.
01:45. Мануэль Фернандеш алыскы аралыктан сокку узатып таамай болгон жок. Топ дарбазадан бир топ жогору өттү.
01:48. Криштиану Роналду алыстан сокку узатып, таамай болгон жок.
01:49. Беттештин негизги убактысы жыйынтыкталып, калыс 4 мүнөт кошуп берди.
01:51. Кристиан Родригес жакшы мүмкүнчүлүктү колдоно албай калды. Суарес айып аянтчага чыгаруу жасап, Родригес топко жетип сокку узатканга жетишпей калды.
01:53. Криштиану Роналду калыс менен айтышканы үчүн сары айып кагазы менен белгиленди.
01:54. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Уругвай курамасы 2:1 эсеби менен жеңишке жетти.
01:55. Бул жеңиш менен Уругвай курамасы чейрек финалга өтүп, анда Франция курамасы менен беттешет. Ал эми Криштиану Роналду командасын сактай албай, Мессинин артынан мелдештен четтеди.