Кыргыз армиясынын абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу болуп өттү (фото)

Балыкчыда Кыргыз армиясынын абадан коргонуу күчтөрүнүн машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, машыгуу 27-июндан 30-июнга чейин Балыкчы шаарындагы "Эдельвейс" аскердик полигонунда өткөн.

Жоокерлердин абадан сокку уруу жана коргонуу боюнча машыгуусунун жүрүшүндө МИ-8 МТВ тик учагынан жердеги бутага карай ракеталар атылды. Ошондой эле тоолуу аймактарда тик учакты жерге кондуруу боюнча практикалык ыкмалар өткөрүлгөн”, - деп жазылат маалыматта.

Абадан коргонуу күчтөрүнүн негизги милдети аба мейкиндигинде коопсуздукту сактоо, аба чек арасын коргоо, ошондой эле абадан администрациялык жана өнөр жай объектилерин коргоо болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bond02
2018-07-01 11:35:42
Эч ким жабыркаган жокпу? Бизде даярданып жатып эле бир нерсе болуп кетчу эле.
+9
Benazir08
2018-07-01 12:00:37
Туура жазыныздар админ. Бадан болуп калыптыр
-1
temirlan85
2018-07-01 12:09:58
Ушул вертолеттун бар экенине шугур
+9
senchi
2018-07-01 12:47:03
temirlan85,хаха иштейт экен десен
+4
Samash-87
2018-07-01 13:26:11
temirlan85,бул вертолетту Россиянын армыясынан списания болгон.ал деген биз учун жаны техника
0
Bodibilding
2018-07-01 12:59:50
Еч Ким жок жерде мактанбай Баткенге барып чек Арада даярдангыла тажиктер Кыргызстандын чек арасына чейин кирип келишсе деле унчукпай жата бербей.
+10
zhumali
2018-07-01 17:30:30
Баарына кызыгы ал жерде кыргыздар көрүнбөйтко
+3
talant87
2018-07-01 18:04:52
Мен эч укпадым кыргыздын жоокерлери чек араны билбейм отуп кетиптир деп
+4
jbolotov
2018-07-01 20:21:42
Ракета жок калбаптырбы эми? Байкуш Кыргызстан, азыр МИ 8 тик учагын транспорт катары колдонот башкалар, чабуул койгонго озунчо тикучактар болот КА 52 же Апач, Блег Хоуб дегендей.
+1
marat88
2018-07-02 10:31:09
Бир эле тик учагыбыз бар экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан