"Бишкек ЖЭБин жаңылоо келишимин Жогорку Кеңеш колдогон. Бирок депутаттык комиссия Сапар Исаковду күнөөлүү кылып койду". Экс-премьердин жактоочусунан маек

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго "коррупция" беренеси боюнча айып тагылып, 5-июнда УКМК тарабынан камакка алынган. Ошондон тарта бул окуянын тегерегинде коомчулукта талаш-тартыш пикирлер айтылууда. Экс-премьердин жактоочусу Нурбек Токтакунов бул тууралуу эмне дейт? Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш иши боюнча суроолорго жооп алуу үчүн адвокатты маекке тарттык.

- Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча коррупцияга күнөөлөнүп жатат. Бул айып канчалык негиздүү деп эсептейсиз?

- Адегенде ЖЭБди жаңылоодогу премьер-министрлерди санап көрөлү. Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков. Мына ушулар өкмөттөгү жоопкер адамдар болгон. Сапар Исаков ал убакта президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштечү. Ал бөлүмдүн жетекчиси катары өзүнүн милдетин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарган. Өткөндө Атамбаев "саясий бүт жоопкерчиликти өзүмө алдым" деп кайрылуу жасаган.

Мыйзам бузуу ошол убактагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевден башталып жатат. Артыкбаев Кытай банкынын кредити боюнча ратификация тууралуу мыйзам долбооруна кол коюп жатканда эч кандай экспертизалар, техникалык-экономикалык негиздемелер кереги жок деген. Негиздүү кылмышты жасаган Артыкбаев деп эсептейм. Анткени ал мыйзамды сактап, эксперттерди чакырып, талкуу уюштурса мындай жагдай жаралбайт эле. Азыр берилип жаткан суроолор ошондо көтөрүлсө, мыйзам бузуулардын да бети ачылмак. Келишимге Артыкбаев кол коюп, Сатыбалдиев макул болгон. Парламенттин үч комитетинде келишим каралып, колдоо тапкан. Эч кандай коомдук талкуу болгон эмес. Кийин ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Сапар Исаковду күнөөлүү кылып чыгарышты. Исаков мыйзамда көрсөтүлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын гана аткарган.

- Исаковдун бул маселеге канчалык тиешеси бар?
- ЖЭБди жаңылоо иши экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий чечими болчу. Президент саясий чечимди аткаруу үчүн өзү ишенген кишиге тапшырат да. Сапар Исаковго бул ишти карап, координациялап тур деп тапшырган. Келишимге кол коюлуп жатканда экспертиза кереги жок деп Сапар Исаков айткан эмес. Ал мыйзам долбоорду даярдаган адамдын милдети болчу.

- Исаков кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп күнөөлөнүп жатканы боюнча эмне айта аласыз?
- Маалымдоо каражаттарында тараган кызматтык катты көрсөтүп, аталган компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн деп жатышат. Аны сенсация да кылып жиберишти. Ал катка эки адам кол койгон. Нурсулу Ахметова жана Сапар Исаков. Анда эмнеге Ахметова камалган жок? Катта кытайлык компаниянын ар бир сунушу айтылып келип, энергетика министрине сүйлөшүү иштерин жүргүзгүлө деп жазышкан. ТВЕА менен келишим түзгүлө деген сөз жок. Катты окуп чыккан адамга ТВЕАнын кызыкчылыгын коргогон сөздөр жок экендиги ачык болот.

Ушундай эле коомдук талкуудан өтпөгөн мыйзам бузуулар Жогорку Кеңеште, өкмөттө азыр деле күнүгө болууда. Мындай нерсени эл билбесин деп Исаковго көңүл бурдуруп жатышат. Артыкбаевдин келишимге кол койгонун коомчулукка жеткирбөөгө аракет кылышууда. Коомдук талкуу өткөргөн жоксуңар деп мен Жогорку Кеңешти дайыма сотко берем. Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүндө коомдук талкуу өткөрүү боюнча жазылган. Анда жазылгандай, республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди кабыл алууда ар бир жарандын укугу бар. Мыйзам долбоорго эл тарабынан айтылган сунуштар киргизилип, кабыл алынышы керек.

- Сапар Исаковдун камакка алынышын эмне үчүн саясий куугунтук катары баалайсыз?
- Сапар Исаков камалардын алдында Жогорку Кеңешти "саясий өлүк" деп атаган. Биз Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы конфликтти көрүп жатабыз. Эки саясий күч болгонун түшүндүк. Атамбаев менен жүргөн кишилер саясий күч болгондуктан, анын адамдарын камап жатат. Эгерде бул коррупцияга каршы күрөш болгондо бүт бардыгын камаш керек эле. Эмнеге азыркы иштеп жаткан адамдар камалбайт? Коррупцияга каршы күрөш башталганда прокурорлор азыркы учурда бийликте жүргөн адамдарды камамак. Мурунку бийликтин, мурунку режимдин саясатчыларын камоо - бул саясий куугунтук. Саясий куугунтук болбосо, тергөөчүлөргө мыйзамды сактап иштегиле деп айтылмак. Тергөөчүлөр Сапар Исаков оперативдүү материалдардын негизинде камалды деп айтып жатышса, сот кайсы оперативдүү материал деп сурап койгон жок. Камакка алуу үчүн фактылар менен далилдениш керек. Ал качып кетем деп билет алса же телефон менен ошентип сүйлөшсө, ошол фактыларды далилдеп камаш керек болчу.

- Мурда Атамбаевге карата бир топ сындарды айтып жүрдүңүз эле...
- Мен өзгөргөн жокмун. Азыр Атамбаевге жолуга элекмин. Жолуксам ага ачык айта турган сөздөрүм бар. Президенттин мыйзамсыз буйруктарын аткарган милиция кызматкерлери, прокурорлор, УКМКнын кызматкерлери, соттор - бул Атамбаев тарабынан курулган систем. Бул системди Атамбаев Жээнбековго даярдап берип койду. Мындай системден өзүңөр жапа чегесиңер дегем. Ошондо мага келгиле, мен силерди жактайм деп айтып жүрчүмүн. Ким экенине карабай, анын үстүнөн тергөө иштери мыйзамдуу болуш керек. Кандай адам болсо да, анын үстүнөн мыйзам сакталса, анда бүт элдин үстүнөн мыйзам сакталат.

- Ошондон улам Атамбаевдин командасындагы Сапар Исаковду жактоого кириштиңизби?
- Сапар Исаков мени менен биринчи жолу иштешкен премьер-министр. Ал менен жол коопсуздугу, ачык өкмөт долбоорлорунун негизинде чогуу иш алып бардык. Исаков менен жолукканда анын бир жакшы сапатын байкадым. Ал адамды укканды билет. Башка саясатчылардын көбү элди укпайт. Мени жол коопсуздук маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөлүгүнө чакырган. Бирок Дамир Сагынбаев комиссиядан чыгарып салса да, Исаков комиссиянын жыйынына дайыма чакырчу. Исаковдун үстүнөн кылмыш иши козголгондо аны издедим. Исаков менен жүргөн адамдар "силерге карата саясий куугунтук башталганда мен силерди жактайм" деген сөзүмдү эстетип калышты. Мен аны жактоого макул болдум.



- Учурда Сапар Исаковдун абалы кандай?
- Мен анын ден соолугунда көйгөйлөр бар экенин билем. Апасы жана жакындары айтышкан. Сурасам баары жакшы деп эч нерсеге даттанбайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан