Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун жакындарынын мүлкүн текшерүүгө уруксат берген Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда мурдагы өкмөт башчынын жактоочусу Замир Жоошев SUPER.KGˊге билдирди.
Анын айтымында, сот Исаковдун жакындарынын үй мүлкү жана кирешеси тууралуу далилдүү маалыматтар менен таанышпай туруп эле мурунку чечимди күчүндө калтырып койгон.
“Буга чейин 25-сентябрда Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөөчүлөрүнө Сапар Исаковдун жакын туугандарынын үй-мүлкүн текшерүүгө уруксат берген. Буга тергөөчүлөрдүн “Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкү алардын киришесине туура келбейт экен, ошон үчүн мүлктөрдү баалашыбыз керек” деп сотко кайрылышы негиз болгон. Бирок сот бирөөнүн үй мүлкүнүн текшерилишине уруксат берерден мурун тергөөчүлөрдун “үйү мынча, киришеси мынча экен” деген далилдүү материалдары менен таанышуусу керек. Тилекке каршы, райондук сот эч кандай далилдер менен таанышпай туруп эле уруксат берип койгон.
Биз бул боюнча шаардык сотко кайрылганбыз. Ошонун негизинде бүгүн отурум болду. Анда биз Исаковдун кайнатасынын мурда эмне иш кылгандыгы, үйлөрдү кандай жол менен сатып алгандыгы тууралуу бүт далилдерди сотко алып бардык. Бирок сот далилдер менен таанышса да кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетип, кайра эле мурдагы чечим менен чыкты. Биз эми Жогорку Сотко кайрылабыз”, - деди жактоочу.
4-октябрда Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу УКМК соттон уруксат алышкандыгы боюнча жактоочу Нурбек Токтакунов айтып чыккан.
5-октябрда УКМК Сапар Исаковдун жакындарынын үй-мүлкүн кароодон өткөрүү тууралуу маалымат жалган деп билдирген.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда абактагы тергөө мөөнөтү 5-октябрга чейин узартылган. 1-октябрда тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылып, 5-декабрга чейин камакта калтырылган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.