18-декабрда Бишкек шаардык сотунда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы каралды. Анда Исаков өзүнүн иши тууралуу билдирүү жасады. Отурум жабык эшик артында өтүп, журналисттер катышкан эмес. КСДП партиясы бул билдирүүнүн текстин таратты.
Исаков өлкөдөн качып кетүү ою эч качан болбогонун айтты. "Эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарамды өзгөртүүгө негиз болбошу үчүн мен суракка 15 мүнөт эрте келчүмүн. Мени өлкөдөн чыгып кетсин деп сот баш коргоо чарамды атайылап өзгөрттү, бирок менин андай ниетим жок", - деди мурдагы премьер.
"Урматтуу сот, бул процесстердин бардыгынын артында президенттик аппарат турат. Ал ар бир дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөөдө. Бул жерде органдардын өкүлдөрү отурат. Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат, ал өзү бул процессти, менин процессимди көзөмөлдөп жатат", - деп айтты Исаков.
"Президент мени 30 жылдан бери тааныйт, ал менин атамды да жакшы билчү. Менин дарегиме айтылып жаткан коррупцияга байланыштуу айыптоолор негизсиз. Ар бир нерсеге принциптүү мамиле жасагам. Муну чогуу иштеген адамдар билишет. Мен адилеттүүлүк жеңерине ишенем.
Мен президенттик аппаратты жана өкмөттү жетектеп турган учурда УКМКнын имаратында жана соттордо кандай нерселер болуп жатканын көрбөгөнүмө өкүнөм. УКМКнын камагында отуруп, көйгөй көп экенин билдим. Мен азыр саясий куугунтуктун көрүнүктүү өкүлүмүн", - деди Исаков.
Окуянын чоо-жайы:
29-майда Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. 5-июнда эки айга камакка алынган. 31-июлда анын абактагы тергөө мөөнөтү дагы эки айга узартылган.
1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тергөө абагында калуу мөөнөтүн 5-декабрга чейин узарткан. 18-декабрда Бишкек шаардык соту Исаковду 5-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.