Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго тергөө ишинин негизинде "коррупция" беренеси боюнча акыркы айып коюлду. Ал 20 жылга чейин эркинен ажыратылып, абакка кесилиши мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу Нурбек Токтакунов SUPER.KG порталына тастыктады.
Жактоочунун айтымында, Сапар Исаков алдын ала уюшуп, мамлекетке материалдык чыгым алып келген деп айыпталууда.
"Исаков 303-берененин 2-пункту боюнча 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", - деди Токтакунов.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Сапар Исаковду 2019-жылдын 13-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
2018-жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган.