Жактоочулар ооруканага жеткирилген Сапар Исаковдун абалы тууралуу айтып беришти

Бүгүн, 16-августта ооруканага жеткирилген Сапар Исаковдун абалы тууралуу жактоочулар Нурбек Токтакунов жана Замир Жоошев айтып беришти. Алар Исаков ооруканага которулгандан кийин кирип, абалы менен таанышып чыккандарын айтат.

Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганын массалык маалымат каражаттарынан уктук деген Замир Жоошев буларга токтолду.

"Эртең менен Исаков кризистик абалда болуптур. Тагыраагы, ал инсультка кабылуу абалында болгон экен. Ошондо гана "Тез жардам" унаасы менен алып чыгышып, медициналык жардам көрсөтүлүптүр. Азыркы учурда оорукананын неврология бөлүмүндө жатат. Белгилеп кетчү жагдай, тергөө изоляторунун администрациясы тарабынан мыйзамды одоно бузуу болгон. Прокуратура тарабынан бул ишке баа берилиши керек. Азыр анын жанына жакындарын, келинчегин дагы киргизбей жатышат. Мен жана дагы бир жактоочу экөөбүз эле кирип чыктык", - деди ал.

Ал эми Нурбек Токтакунов Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин айтты.

"Сапар Исаковдун абалы чындап эле начарлап кеткендигине байланыштуу аны Улуттук госпиталга алып келишиптир. Азыр медициналык расмий аныктама жок. Ал эми Исаков сүйлөп жатат, абалы канааттандырарлык", - деген Токтакунов.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Сапар Исаков Улуттук госпиталга бүгүн саат 16:50 чамасында кыр арка омурткасындагы тамырларда кан айлануунун бузулушу деген диагноз менен келип түшкөн. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык. Дарыгерлердин айтымында, томографиялык сүрөттө инсульттун белгилери жок.

Окуянын чоо-жайы:

2018-жылдын 29-майында Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон "коррупция" беренеси боюнча айып тагылган. Ал 5-июнда камакка алынган.

Сапар Исаков бул окуя боюнча суракка келип жүргөн учурунда журналисттерге "саясий куугунтук болуп жатат" деп айткан.

Жактоочулар Сапар Исаковдун абалы тууралуу айтып беришти
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2019-08-16 22:08:13
Дарыгерлер жалгандан диагноз койгондон коркуп калышты. Батукаевден кийин
-1
aydinnur
2019-08-16 23:50:43
Айыгып кет Сапар курдаш, биздин келечектеги президентибиз!
0
Paprikafm
2019-08-17 00:24:53
Иштеп жургондо аттай журушот же ооруганын укпайсын, турмого тушту дегиче эле ооруп калышат таба эмес тооба кылдым
-1
bazar
2019-08-17 05:18:46
Азыраак жеш керек эле
0
asefsa
2019-08-17 09:30:53
Ой жаманда, онтобой оорууга жолугасын дейтго.
+2
shankol88
2019-08-17 20:10:51
Биздин чоңдор баарыле оорулуу,Бир тазасыжок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан