Бүгүн Бразилия-Мексика жана Бельгия-Япония беттештери орун алат

Бүгүн, 2-июлда Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда плей-оффко чыккан командалардын оюну уланат.

Анда чейрек финалга чыгуу укугу үчүн Түндүк Америка менен Түштүк Америка жана Европа менен Азиянын беттеши орун алат. Башкача айтканда, Е тайпасынан чыккан дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Бразилия менен F тайпасынан чыккан "үч түстүүлөр" атка конгон Мексика командасы беттеш өткөрөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталып, Казань шаарындагы "Казань Арена" стадионунда өтөт.

Ошондой эле 3-июлга караган түнү саат 12:00дө G тайпасынын жеңүүчүсү чемпиондуктун эң жылдыздуу курамы аталган Бельгия курама командасы менен H тайпасынан чыккан плей-оффто Азия континентинин намысын коргоочу жападан жалгыз курама команда - Япония бет келишет. Уткан команда чейрек финалга өтсө, утулганы чемпионат менен кош айтышат.

Эске салсак, буга чейин чейрек финалга Орусия-Хорватия жана Франция-Уругвай командалары чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Mbappe
2018-07-02 09:07:58
Бельгия-Бразилия 1/4 финал
+4
ilgizk
2018-07-02 09:12:27
Бразилия 3 : 2 Мексика
Бельгия 1:0 Япония
-2
Syimyk.isaev
2018-07-02 09:24:33
Бразиля жок Мексика алга
+2
Azat.97
2018-07-02 09:56:31
Мексика чыгып кетиши мумкун.Ал эми Бельгия талкалайт го.Бугун мен Бельгияга
+3
zarlyk2211
2018-07-02 10:02:41
Бразилия, Бельгия
0
karakulja
2018-07-02 10:03:20
Франция
+2
monster_high_98
2018-07-02 10:47:10
Уругвай женилет буйруса
0
PROS
2018-07-02 11:23:23
Мексика - Япония 1/4
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-07-02 11:40:07
Быйылкы жылы Бразилия чемпион болот окшойт
0
AKCAHAT
2018-07-02 13:06:36
Alixan-Nookat.2015, Россия чемпион болсо деле тан калбайм. Кызыктай чемпионат болду го бул жолкусу
+3
Sagyn.91
2018-07-02 12:29:24
Козунор ачыкпы, божомолдоп?))
+3
Isco22
2018-07-02 12:43:22
Плей оффтун таблицасына рахмат супер инфо.
+1
Isco22
2018-07-02 12:43:47
Хорватия буйруса англия мн ойносо финалга чыгат
+1
aksy94
2018-07-02 13:17:57
Уругвай алгааааааааа
+1
Kukuwa
2018-07-02 13:27:48
Жалгыз Япония Азия континентинен 1/8 чыгыптыр, Японияга болейтетем конечно! Утушсун байкуштар ушунча чыккандан кийин!!!!
+3
Modric10
2018-07-02 15:02:02
Бразилияга жан тартып атам
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан