Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун жалпы байге фонду 400 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу ФИФАнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдагы чемпиондуктун байге фонду буга чейинкилерге караганда жогору.
Салыштыра келсек, 1982-жылы Испанияда өткөн чемпиондукта фонд дээрлик 20 эсеге аз болгон. Ал эми 2014-жылы Бразилияда ФИФА байге фонду үчүн 358 миллион доллар бөлгөн. Бул каражаттар катышкан командаларга жетишкендиктерине карата бөлүнөт.
Бул жылдын чемпиону 38 миллион, күмүш медалдын ээси - 28, коло медалдын ээси - 24, 4-орунга ээ болгондор - 22 миллион долларга ээ болмокчу. Ошондой эле чейрек финалга чейин жеткен командалар - 18 миллион, жарым-чейрек финалга жеткендер - 12 миллион доллар алса, тайпалык баскычка катышкандар - 8 миллион долларга ээ болушмакчы.
Футбол боюнча дүйнө чемпиондугу 14-июндан 15-июлга чейин өтөт. Учурда жарым-чейрек финалынын оюндары өтүүдө.