SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат.
Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт. Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасы кошулду.
"Клип Бишкек шаарында бир аптада тартылган. Съёмка болуп жатканда мен катышкан эмесмин. Андыктан кызыктуу учурларга күбө болбой калдым", - дейт ал.
24-ИЮНДАН 4-ИЮЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Анжеликанын "Жаным, сага баратам" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасына буюрган.
8-орунду - Курал Чокоевдин "Эмне кылайын?" чыгармасы ээлеген.
7-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.
6-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына буюрган.
5-орун - Эдил Маматов менен Нурмат Садыровдун "Ыйлаба, жүрөк" чыгармасы 2 баскычка төмөндөгөн.
4-орунда - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы жайгашкан.
3-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" камсыздаган.
2-орунду - Нурлан Насиптин "Мектебимди сагындым" чыгармасы ээлеген.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Данияр Эрматовдун "Билем жактырасың" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.