4-июлга караган түнү Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалдык баскычы жыйынтыкталып, чейрек финалга аттанган бардык командалар аныкталды.
2018-жылкы Дүйнө биринчилиги күтүүсүз жана кызыктуу окуяларга бай болууда. Алгачкысы Германиянын плей-оффко өтпөй калганы болсо, эң негизгиси Орусия курамасы Испанияны жеңип, чейрек финалга өткөнү болду.
Жалпы 32 команданын катышуусунда старт алган аалам биринчилигинде 8 команда гана калды. Алар тайпалык баскычта жана жарым чейрек финалда мыктылыгын, чеберчилигин жана күчтүү мүнөзүн көрсөтүп кийинки этапка өтүштү.
Чейрек финалдык баскычта эми Уругвай-Франция, Бразилия-Бельгия, Орусия-Хорватия жана Швеция-Англия беттештери орун алат.
Оюндардын тизмеси (Беттештер Бишкек убактысы боюнча):
6-июль жана 7-июлга караган түнү:
20:00 - Уругвай-Франция ("Төмөнкү Новгород" стадиону);
00:00 - Бразилия-Бельгия ("Казань Арена" стадиону);
7-июль жана 8-июлга караган түнү:
20:00 - Швеция-Англия ("Самара Арена" стадиону);
00:00 - Орусия-Хорватия ("Фишт" стадиону).