"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Гүлзат Мамытбектин Орусияга жана Путинге арнаган ыры" аталышындагы видео жүктөлдү.
Аталган видеодо өзүн "кыргыз деми" деп атаган Гүлзат Мамытбектин "Россия-матушка, вставай!" аттуу орус тилиндеги ырын угууга жана ага тартылган клибин көрүүгө болот. Өз ырында Мамытбек Орусияны алдыга умтулууга, жеңиштерге жетүүгө үндөп, аны ар дайым Кыргыз эли колдоорун айтып кеткен.
Ыр Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагында чыгарылганын маалымат булактары жазышууда.