Кыргыздын уулу Ырыскелди Тыныбеков Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы беттешке топту алып чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
14 жаштагы Ырыскелди Тыныбеков футбол федерациясынын долбоорунда жеңүүчү аталып, топту оюн талаасына алып чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Долбоордун алкагында ал 31 катышуучу менен футбол, англис тили жана башка чеберчиликтеринде күч сынашкан.
Ырыскелди Тыныбеков 8-июлга караган түнү Орусия-Хорватия ортосундагы чейрек финалдык беттешке топту алып чыгат.
Айта кетсек, Ырыскелди Тыныбеков футбол борборунда Нурлан Букуевдин алдында машыгып, командасынын капитаны болгон. Андан тышкары, Тыныбеков Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын капитаны болот.