Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев "Кара-Балта" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган футболдук клубдун маалымат катчысы Александр Карлов билдирди.
Анын айтымында, өлкөбүздүн улуттук курама командасынын оюнчусу Мирлан Мурзаев убактылуу кыска убакыт аралыгында эле келишим түздү.
"Мирлан Мурзаев түркиялык "Сомаспор" футболдук клубу менен келишими бар болгондуктан биз кыска убакытка гана келишим түздүк. Мурзаев биздин командага айдын аягына чейин жардам берип кайра Түркияга учуп кетет", - дейт Александр Карлов.