Кереметүү көл жээгинде "Менин мекеним - Кыргызстан" эл аралык балдар фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык балдар фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан 600дөн ашуун бала катышты. Талас облусунан 59 бала, Ош облусунан 31 бала, Жалал-Абад облусунан 69 бала. Ошондой эле фестивалга "Шаттык" бий ансамбли, "Каухар" бий тобу, "Азия-Нур" улуттук ыр жана бий ансамбли, "Ассоль" элдик ансамбли катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө комуз үйрөтүү боюнча мастер-класстар жана алгачкы "Окуучу күткөн мугалим" аталышындагы жайкы мектеп уюштурулган. Фестивал таланттуу балдардын гала-концерти менен аяктады.