"УКМКнын тергөөчүлөрү Соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө", - деп бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
Токтакунов Башкы прокуратурага арыз менен кайрыла турганын айтты. "ЖЭБди жаңылоодо коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтеген тергөөчүлөр аталган кызматтын кызматкерлерине басым көрсөтүүдө. Талант Мамбетбаев деген эксперт күнөөлөгөнгө дал келбеген жыйынтык чыгарган. Чыккан экспертизага УКМКнын тергөөчүлөрү макул болбой, аны суракка алган. Ал эми Мирлан Турсуналиев аттуу эксперт жумуштан бошотулган. Мындай маалыматтарды текшерүү үчүн аталган кызматка суроо-талап менен кайрылдык. Жообу качан келе турганы белгисиз. Бүгүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылабыз", - дейт Нурбек Токтакунов.
УКМК бул боюнча комментарий бере элек.
Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.