УКМКнын СИЗОсунда отурган депутат Осмонбек Артыкбаевге "Тез жардам" кызматы чакырылды

Тектеш кабарлар: Бишкек ЖЭБи боюнча соттук иштер (254 материал)

УКМКнын тергөө абагында отурган депутат Осмонбек Артыкбаевге "Тез жардам" кызматы чакырылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, Артыкбаев өзүн жаман сезгендиктен ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. "Учурда анын жанында биздин дарыгерлер бар. Абалы туруктуу", - дешти УКМКдан.

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына отургузулган. Ошондой эле ага козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Qwer007
2018-10-23 10:28:19
Булар накта артист болот экен да,башка соттолучулар жаман сезмек турсун ооруп олум алдыда турсада эч кимдин иши жокго
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан