ЖЭБ соту: Сапар Исаковдун тыныгууга чейин соттук отурумга катышып жаткан жактоочулары түштөн кийин ага келишкен жок

Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Тыныгуудан кийин отурумга мурдагы өкмөт башчы, бул ишке айыпталып жаткан Сапар Исаковдун жактоочулары Нурбек Токтакунов, Замир Жоошев келген жок. Ага байланыштуу судья дагы тыныгуу жарыялады. Эгер белгиленген убакта жактоочулар келбесе, аларга карата чара колдонула тургандыгын эскертти.

Мындан тышкары, айыпталуучулар Асанова сурак берип жатканда техникалык көйгөйдөн улам иштебей жаткан аудио, видео жазуу кайра иштеп калганына таң калып жатышкандыктарын билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан