Депутат Осмонбек Артыкбаевдин мүлктөрү камакка алынды (мүлктөрүнүн тизмеси)

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин жана анын жакындарынын мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Артыкбаевге козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында мүлктөрү камакка алынган.

Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынган мүлктөрүнүн тизмеси:

- 1992-жылы чыккан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаасы;

- 1992-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү унаасы (баласы Айдар Артыкбаевге тиешелүү);

- 2013-жылы чыккан Лексус-ЛХ570 үлгүсүндөгү унаасы;

- Бишкек шаарындагы турак үй. Жеңиш көчөсү, 12;

- Бишкек шаарындагы имарат. Эркиндик бульвары, 58;

Жубайы Раушан Артыкбаевага катталган мүлктөрдүн тизмеси:

- 2007-жылы чыккан Лексус-GХ470 үлгүсүндөгү унаасы;

- 2006-жылы чыккан Лексус-GХ470 үлгүсүндөгү унаасы;

- 2011-жылы чыккан Лексус-GХ460 үлгүсүндөгү унаасы;

- 2006-жылы чыккан Мерседес-Бенц-Е350 үлгүсүндөгү унаасы;

- Аламүдүн районундагы жер тилкеси. Ч.Айтматов кең көчөсү, 97/4;

- Бишкек шаарындагы дүкөн. Ч.Айтматов кең көчөсү, 97/4, 1-батир;

- Бишкек шаарындагы имарат. Киев көчөсү, 38;

- Бишкек шаарындагы көп кабаттуу батир. Геология көчөсү, 28;

- Бишкек шаарындагы имарат. Байтик баатыр көчөсү, 57;

- Бишкек шаарындагы имарат. Манас көчөсү, 8-үйдүн 5-батири;

Ошондой эле Артыкбаевге таандык болгон үлүш:

- "Ийгилик биримдик" коомдук фонду, Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү, 4 "А";

- Бишкек шаарындагы "Ак-Фонд" коомдук фонду. Чүй кең көчөсү, 4 "А";

- Бишкек шаарындагы "Petroleum К & К" Кыргыз-Казак ишканасы. Эркиндик бульвары 64/5;

- Бишкек шаарындагы "Келечек социалдык-экономикалык изилдөө" коомдук бирикмеси. Эркиндик бульвары, 58;

- Бишкек шаарындагы "Лазурная Гавань" ЖЧКсы. Эркиндик бульвары, 58 "А";

- Бишкек шаарындагы "Би Воет" ЖЧКсы, Эркиндик бульвары, 59 "А";

- Бишкек шаарындагы "Бишлонд" ЖЧКсы. Эркиндик бульвары 58 "А".

Эске салсак, Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Abdyrashit.Satylganov
2018-08-03 14:56:51
Эми албетте калыс болуубуз шарт. Билип билбей күнөө кылбайлы туугандар... Бул киши мынча байлыкты уурдаган эмес, ал 1999 жылдан бери даары сатып байып келген... Саясатка кийинчерээк аралашкан.. Раушан эжеге сабыр тилейбиз
-2
Jyrgal_msk
2018-08-03 22:51:59
Abdyrashit.Satylganov,Сенин созуно эл ишенбейт.Эл баарына кубо.
-4
gulmira12345
2018-08-03 15:03:44
Айланайын бетбактар чондорго 1ден уйун калтырып калганын конфискация кылып Кытайдын карызын кутулгула 1 айда Аллахдан гана карызыбыз калат экен тоа бир семьяга 1уй 1Машина жетет го ким за плюс
+6
nurhan2702
2018-08-03 19:42:33
gulmira12345,ошону айтам .ушунча байлыкты коруно которуп кетишеби?
0
barakcha
2018-08-03 15:23:08
Олааааа мынча байлыкты не кылат?Жетим жесирлерге бергиле да
-1
BarsBaatyr
2018-08-03 16:06:07
Камака алынган мүлктөрү жалпы мүлктөрүнүн бир гана чети болсо керек.
0
zhumagul89
2018-08-03 16:53:17
Башка депутаттар дагы срочно туугандарына жаздыра башташса керек...катын баласына ишенбей.
+3
Atas
2018-08-03 17:43:23
КР УКМК жакшы иштеп атасынар .
Силер биринчи кезекте Кыргызстандын душмандарын талкалашынар керек .
Кыргыз эли учун болуп атат бул иштер ото жакшы .
-1
KAYRATBEK
2018-08-03 18:03:33
Охоооо ана байлык.
-1
akylbekkg
2018-08-03 18:39:52
Кок жардагы ЖБИни жазбай коюшкан го. Же ал Жээнбековдордун карамагына оттубу?
0
aza84
2018-08-03 22:47:13
Ырас болуптур банктагы акчаларын дагы кустурса экен
0
talaa11
2018-08-04 04:56:44
Карызыбызды мына ушул ХХХ толошсун булар исип жеп баарын тоногон ХХХ ХХХ
-1
ooki8888
2018-08-04 09:24:35
Бул чекеси эле. Озуно катталбаганы канча.
0
vikidiki
2018-08-04 10:56:50
Айланайын 5лексус дейби? Ичип жеп атып, ичи жарылайын деп калган го. Бирок булардан тушкон байлыктар(жок дегенде 59проценти) кайра эле сол чонтокко кетеби деп ишенбей турам да.
+1
asdef
2018-08-04 11:10:15
Лексус эле ала бериптир да
+1
-Sumitra-
2018-08-04 13:29:46
Салымбеков,Байболов дегендердин байлыгын да чукусанар охооо карыздын жарымынан кутулабыз.
-1
Firdaus-Muslim
2018-08-04 15:40:49
Ушулар бешене тер менен таап байыдыбы? Же элдин акчасыбы, Артыкбаевдин аппетити да бар экен да жаныбар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан