Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев суракка чакырыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өзү билдирди.
"Менин маселем боюнча иш эмне болду белгисиз, суракка чакырыша элек", - деди Мискенбаев.
Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылганыбызда, Мээрбек Мискенбаев суракка качан чакырыла турганы белгисиз экенин айтышты.
Эске салсак, 4-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши козголгону тууралуу расмий билдирүү тараткан.