18-июнь күнү төрөлгөндөр башкалардын оюн алыстан түшүнүүгө жөндөмдүү келишет.
Өзүнө ар дайым ишенип, табиятынан эрки күчтүү болушат. Оор басырыктуу келип, ар кандай сыноолорду сабырдуулук менен жеңип өтөт.
Бул күнү төрөлгөндөр мыкты ата, үлгүлүү эне боло алышат. Дайыма элдин сыймыктануусуна арзып, бара-бара жалгыз өзүн ойлогон өзүмчүл жана мактанчаак болуп кетиши мүмкүн.
Алар тарбияга өзгөчө маани берип, ата-эне анын чексиз булагы деп эсептейт. Дос катары мыкты кеңештерди берип, жашоодо ийгиликтерге маданияттуулук менен гана жетсе болот деп ишенишет.