Өлкөдө орточо айлык акы биринчи жарым жылдыкка карата 15 миң 397 сом деп эсептелди

Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдын 1-жарым жылдыгына карата өлкөдөгү орточо айлык акынын өлчөмү 15 миң 397 сом (чакан ишканаларды эсептебегенде) деп жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айлык акы 7,4 пайызга өскөн, керектөө бааларын эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 4,7 пайызга өскөн. Ал эми бюджеттик эмес чөйрөдөгү айлык акынын жарым жылдыкка карата орточо көлөмү 21 миң 159 сом деп жарыяланган.

“Эсептелген орточо эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды. Бирок эң олуттуу жогорулашы курулушта (18,6 пайыз), маалымат жана байланыш (22,2 пайыз), башка тейлөө ишмердиги (21,6 пайыз), мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо (12,9 пайыз), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (10,4 пайыз), кыймылсыз мүлк операциялары (8,9 пайыз), ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (8,6 пайыз) чөйрөсүндө байкалды”, - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 2018-жылдын II кварталында жашоо минимумунун суммасы киши башына алганда орточо эсеп менен 4 миң 899,15 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
yrysbek
2018-07-12 10:41:18
Өлкөдө орточо айлык акы биринчи жарым жылдыкка карата 15 миң 397 сом деп эсептелди? Ким айтса дагы ыссыгын жептир, Бишкек борбордо министрликте, окмотто, президенттик аппаратта, ГКНБ, Прокуратурада иштегендердин иши ошончо орточо айлыгы, бишкекте негизги башкы кенселеринен башка аймактык болумдорундо иштеген кызматкерлердики орточо айлык 4000 сомдон ашпайт. Президент, министр, депутаттардын орточо айлыгын чыгарып эле бизде ушунча деп койсо болобу, бул деген бети жоктук, акмактык.
+11
Meken28
2018-07-12 10:47:13
0
kubanaid
2018-07-12 10:56:13
Неге ишенбейсинер 15000ден да кобуроок болушу мумкун мисалы депутаттар 100мин алышса мектеп кароолчусу 5мин алса орточо эсеп кыргызстандын айлык акысы 47500 болот
+4
Jazdyn_tany
2018-07-12 12:49:46
kubanaid,ооба депутаттын 50 мин айлыгы менен кароолчунун 3000 айлыгынын орточо суммасы...
+2
altyn7776
2018-07-12 10:57:17
Ушундай жалган маалымат берген статистика кызматкерлерин эмнеге кармап отурабыз? Онуп оспой эле кочугубуздон кетип атабыз го...
+3
Byrmachach
2018-07-12 10:57:56
Статистиканын компьютери адашып жазып алган окшойт, медайым сиңдим 5000 айлыгы жашоого жетпей, чет мамлекетке иштегени кетти.
0
almir
2018-07-12 11:07:49
Byrmachach, туура айтачын мен жумасына баш аягы 5000 сомго продукты алам анан каяктан жетет
+2
mirkaa5182
2018-07-12 11:48:12
Каяктагы жалганды айтышыптыр, иш издеп айлыгы 15000 сомдук иш таппадымго...
+4
tynchy
2018-07-12 12:03:47
Улуттук статистика комитетинин асмандан алып бере беришет тооктун жумурткасын санагандай эле
+2
bek-94
2018-07-12 12:13:08
жалган
+2
Nevestkaa
2018-07-12 12:40:57
Андан дагы кармап кармап отуруп ошонун жарымы тиет да.Мен 3-4миң айлык алат болчумун,мендей айлык алгандар толтура райондордо.
+2
kanybek1986
2018-07-12 14:02:53
орточо айлык 8000 болушу мумкун
+2
Nazar76
2018-07-12 14:24:32
Жалган
+1
-Sumitra-
2018-07-12 20:22:55
Орточо айлык акы 4000сом.Каяктагы 15минди алышат тан калам?Кана мага да орточо 15мин айлыгы бар иш болсо иштейт элем суйунуп.Садике няня болуп кирейин десем 5000экен айлыгы.Бул эмне деген шумдук?Эмне деген акмакчылык?
0
meku89
2018-07-12 23:06:22
Элди алдаса эле ишене берет деп ойлошобу булар. Каяктагы он беш мин сом. Ал нерсе тушко кирбей калды го.
+1
Muzik
2018-07-13 11:52:24
Маданият кызматкерлеринин айлыгы эн томон,уч мин ,коп болсо 6 мин сом.
+1
Samat_00000
2018-07-13 20:15:28
Стат комитети кайсы бетинер менен ушул 15 000 цифрасын коргозуп жатасынар, ушул чын болсо жердештерибиз башка олколорго чыгат беле мигрант болуп, кичине болсо да реалдуу карагылачы, устуртодон чийки жазбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан