Жалал-Абадда Ош-Бишкек жолунун четинде коон, дарбыз саткандар коопсуз жайга көчүрүлдү (сүрөт)

Жалал-Абадда Ош-Бишкек жолунун четинде коон, дарбыз саткандар коопсуз жайга көчүрүлдү. Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиевдин SUPER.KG'ге билдиришинче, соодагерлер унаа жолго өтө жакын чыгып алышкан.

"Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда коон, дарбыз саткан соодагерлер жолго жакын чыгып алышкан. Райондук администрация, айыл өкмөт жана милиция кызматкерлери "кооптуу соода" аттуу рейд өткөрүп, соодагерлерди коопсуз жайга жылдырдык. Бул аракет жол кырсыктарын алдын алуу максатында уюштурулду", - деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан