Кыргыз дзюдочулары окуу-машыгуу жыйындарынын алкагында Европадагы 2 ири мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.
Кыргыз дзюдочулар 14-15-июль аралыгында Венгриянын Пакш шаарында "Atom Cup" жана 21-22-июль аралыгында Чехиянын Прага шаарында "Prague-2018" жаштар арасындагы Европа кубокторуна катышат. Андан тышкары Кыргыз курамасы окуу-машыгуу жыйындарын 16-19-июль аралыгында Пакш шаарында өткөрмөкчү. Кыргыз курама командасына 5 спортчу кирген.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
71 килограммга чейинки салмак ченинде: Асад Масабиров, Аскарбек Ишенбаев;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрлан Шеров, Аман Ишенов;
100 килограммга чейинки салмак ченинде: Керим Казатов.