Кара-Көл райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн кызматкерине 3 берене менен кылмыш иши козголду. Иш учурда Жалал-Абад шаардык сотуна жиберилгенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан бүгүн, 14-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендер аркылуу Кыргыз өлкөсүнө аткезчилик жол менен алынып келген кымбат баадагы унааларды аныктоо ишинин алкагында Кара-Көл району боюнча 112 унаа бажы төлөмү жок өлкөгө киргизилгендиги аныкталган. Мунун натыйжасында мамлекетке 100 миллион сомдон ашуун чыгым келтирилген.
"Мындай ишке жол берген райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорт жана айдоочулук курам бөлүмүнүн башкы адисине Башкы прокуратура "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "аткезчилик" жана "жасалма документ даярдоо" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Учурда анын иши шаардык сотто каралууда", - деп айтылат маалыматта.