Таш-Көмүрдө 600 түптөй жапайы кара куурай өскөн жер аныкталып, өрттөлдү

Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай айыл аймагында 20 сотых жерде өсүп турган кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү баңгизаты катары эсептелген жапайы өсүмдүктөрдү жок кылуу максатында Таш-Көмүр ШИИБинин демилгеси менен шаар аймагында 600 түптөй жапайы кара куурай аныкталган.

"Шамалды-Сай айыл башкармалыгынын Теңдик участкасынан милиция кызматкерлери, айыл башчылары жана тургундары менен биргеликте кара куурай өрттөлдү. Мындай иштер Жалал-Абад облусунун башка аймактарында да жүрүүдө", - деп билдирди Таш Көмүр ШИИБинин орун басары Төлөгөн Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kunbeken
2018-07-16 13:40:52
Таш-комурдон ким бар кандайсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан