Ош шаарынын мэрлигине талапкер болуп Таалайбек Сарыбашов гана аттанат. Бул тууралуу 17-июлда SUPER.KG порталына Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов билдирди.
Анын айтымында, эртең, 18-июлда шайлоодо бир гана талапкер болот.
9-июлда көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашовду сунуштаган.
Сарыбашов 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.