2018-жылы сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Голливуд жылдыздары Леонардо Ди Каприо, Анжелина Жоли, Жеки Чан жана башка белгилүү адамдар келиши мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар тобунан билдирди.
Алардын айтымында, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы аталган инсандарга чакыруу жөнөткөн. Бирок алардан азырынча жооп келе элек. Көчмөндөр оюндарына Стивен Сигал келерин кошумчалады. Анткени ал 2016-жылдан бери оюндардын ыктыярдуу элчиси болуп келет.
Айта кетсек, азыркы тапта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине билеттер сатыла баштады. Ал эми Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы Кыргыз курама командасын түзүп, учурда спортчулар окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.
Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь аралыгында өтүп, аны уюштуруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 307 миллион сомдон ашык каражат жумшалат.