Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курама командасы Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан маалымдады.
20-22-июль аралыгында өтө турган "Vehbi Emre & Hamit Kaplan" аталышындагы мелдешке Кыргыз Республикасынан 12 балбан катышып, медалдар үчүн күч сынашмакчы. Алардын арасында Каныбек Жолчубеков, Урмат Аматов, Акжол Махмудов жана башкалар бар.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
55 килограммга чейинки салмак ченинде: Балбай Дордоков;
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;
63 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Аматов жана Калы Сулайманов;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов;
72 килограммга чейинки салмак ченинде: Жанат Кыйлыбаев;
77 килограммга чейинки салмак ченинде: Акжол Махмудов;
82 килограммга чейинки салмак ченинде: Атабек Азисбеков;
87 килограммга чейинки салмак ченинде: Самат Шырдаков;
97 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов жана Аман Токтогонов.