Кыргыз өлкөсүндө кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти

Кыргыз өлкөсүндө кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызылча оорусу Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө көп катталууда.

"Кызылча оорусун жуктуруп алгандардын 43 пайызы 1 жашка чыга элек балдар. Ооругандардын 17,6 пайызы эмделбеген балдар экени аныкталган. Бул илдеттин көбөйүшүнө ата-энелердин балдарын эмдөөдөн өткөрбөгөндүгү дагы себеп болууда", - дейт басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсүндө 2015-жылы кызылча эпидемиясы күчөп, өлкөдө 800дөн ашуун адам бул илдетке чалдыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
turaliev
2018-07-18 12:35:51
Кызылчасы эмне?
0
toktor89
2018-07-18 21:42:27
turaliev, орусча кор деп атайт.
Дене табы 40градуска чыгып башта буттун учуна чеин кызыл болгон алергия чыгат анын айынан жашоодон айрылганбар да бар.
0
toktor89
2018-07-18 12:36:32
2015 жылы Бишкекте мен да жугузуп алып бир жума инфекционныйда жатып чыктым. Бул оору менен оорубагыла расса страшный .
Баардык шарты жакшы тамак аш да жакшы. Рахмат баардык доктор эжелерге.
0
Aiman0303
2018-07-18 13:22:58
83% эмделген балдар болуп жатпайбы. Бул жагына кандай жооп табасынар.
0
nelya88
2018-07-18 16:19:11
Aiman0303, биринчиден, эмдөө 1 жаштан кийин башталат, ошондуктан 43% - ымыркайлар.. Экинчиден, эмделгендер да жуктуруп алышат,бирок оору жеңил түрдө өтүп кетет.
0
tina.kg
2018-07-20 22:04:38
Кыргызстанда медицина аябай начар канча деген наристелер майып болуп жатат эмдоодон кийин, ата-энелер балдарын эмдеткенден баш тартып атат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан