Кечээ, 18-июлда Өлкө кубогунун жарым финалдык беттештери орун алып, финалга аттанган командалар аныкталды.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош)
Кара-Балта шаарындагы "Манас" стадионунда жергиликтүү команда Оштун "Алай" футболдук клубун кабыл алды.
Беттеш "Алай" командасынын топко көбүрөөк ээлик кылуусу менен өтүп, жыйынтыгында оштук "Алай" киргизген 4 жоопсуз гол менен жеңүүчү болду.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) - "Алай" (Ош) - 0:4
Стадион: "Манас", Кара-Балта шаары;
Калыс: Дайыр Абдылдаев (Бишкек);
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Алай"-"Кара-Балта" - 2:1.
"Абдыш-Ата-2" (Кант) - "Дордой" (Бишкек)
Кант шаарында орун алган "Абдыш-Ата-2" менен "Дордой" командаларынын жооптук беттеши 0:0 эсеби менен аяктады. Бул командалардын алгачкы беттеши "Дордойдун" жеңиши менен аяктаганы үчүн кийинки этапка "Дордой" командасы өттү.
Абдыш-Ата-2" (Кант) - "Дордой" (Бишкек) - 0:0
Стадион: "МИС", Кант шаары;
Калыс: Нургазы Чолпонбаев (Шопоков)
Биринчи беттештин жыйынтыгы: "Дордой"-"Абдыш-Ата-2" - 2:1.
Муну менен Өлкө кубогунун финалында кайрадан "Алай" менен "Дордой" командалары өттү. Алар 29-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.
Айта кетсек, акыркы 2 жылда Өлкө кубогунун финалына "Алай" менен "Дордой" кез келип, "Дордой" 2 жолкусунда тең жеңүүчү аталган.