Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун камакка алынганы боюнча КСДПнын маалыматы жок. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
"Бул маалыматты журналисттерден угуп, тактап жатабыз. Билдирүү таратабызбы белгисиз. Алгач камалганын такташыбыз керек", - дейт Жолдубаева.
Улуттук коопсуздук боюнча комитет Албек Ибраимовдун камалганы боюнча маалымат таратты.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.
13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин көрсөтүп, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн.