Биз социалдык тармакта

Алмазбек Атамбаев Албек Ибраимовдун кармалышы боюнча үн катты

"Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштериндеги чындыкты жана мыйзамды тоготпоону көрүп туруп, мен Албек Ибраимовго карата тергөө калыс болоруна ишенбейм", - деп бүгүн, 19-июлда КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевге шилтеме берүү менен билдирүү таратты.

"Дастан" ишканасы мамлекетке миллиондогон кирешени, ал эми мамлекетке - ишкананын тарыхында алгачкы жолу үлүш пайда алып келгени үчүн Албек Ибраимовду айыптап жатышканын дегеле түшүнүп болбойт", - дейт Атамбаев.

Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынын кармалды.

13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин көрсөтүп, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Бүгүн премьер-министр тийиштүү токтомго кол койду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан