27-августта Биринчи Май райондук сотунда Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралат. Бул тууралуу 25-августта SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 9:00дө башталат.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.