Бүгүн, 19-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Албек Ибраимов камакка алынды. Баш коргоо чарасын кароо үчүн Ибраимов Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Ошондой эле Бишкектин мэрлигинен биротоло кетти. Кезеги менен баштасак.
УКМКнын маалыматында “Дастан” Транс улуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунда Албек Ибраимов башкаруусунун төрагасы болуп турганда козголгон кылмыш иши боюнча ал жабдууну ташуучудан келишимге кол коюп бергендиги үчүн 270 миң доллар сый акы алгандыгы аныкталды. “Күнөстүү жээк” пансионаты боюнча да кылмыш иши иликтенип жатат” деп жазылат. Ошондой эле Бишкек шаарындагы жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде Ибраимов мэр болуп турганда коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган делет. “2017-жылы Албек Ибраимовдун буйругу боюнча сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыгында Бишкектин түштүк жагында 5 гектардан ашуун жер тилкеси ортодо кайсы бир адамдардын наамына катталып, андан ары ал жер тилкеси 3-жактарга бир топ кымбат баага сатылып кеткен” деп жазылат УКМКнын маалыматында. Буга кошумча УКМК Ибраимов тергөөчүлөрдүн суракка чакыруусун кабыл албай, эгерде кармала турган болсо, куралчан каршылык көрсөтөрүн айтып коркутканын билдирди.
Эске салсак, 30-майда "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси менен кылмыш иши ачылып, Ибраимов кылмыштын фигуранты болгон. 2012-жылы "Дастандын" жетекчиси болуп турган Албек Ибраимов менен "Дастан Инжиниринг" ЖЧКсынын жетекчиси Асылгүл Сасыбаева атайын жабдуу сатып алуу жана жеткирүү боюнча келишим түзгөнү, анда жабдуулар жасалма жогорулатылган баада алып келингени, мындан улам мамлекет 470 миң 360 доллар зыян тартканы айтылган. Бул кылмыш иши козголгонуна улай ошол эле күнү, тагыраагы, 30-майда Бишкек шаарынын Айтматов-Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 гектар жердин "Ихлас" компаниясына курулуш үчүн берилип кетиши боюнча УКМК кылмыш ишин козгогону да белгилүү болгон эле. 12-июлда “Күнөстүү жээк” пансионаты боюнча кылмыш иши козголгон. Мында “Дастан” ишканасы пансионатты төмөндөтүлгөн баада сатып жибергендиги УКМК тарабынан айтылып, анын жетекчиси жана Албек Ибраимовдун үзөңгүлөшү Юрий Васильев кармалган болчу.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Бишкек шаардык кеңештин токтомуна кол коюу менен Ибраимов биротоло шаар башчылыгынан кетти. Өткөн аптада шаардык кеңеш Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү аркылуу аны кызматтан кетирүү чечимин кабыл алган. Жогорудагы козголгон кылмыш иштерин, шаардык кеңештин ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин Албек Ибраимов өзү да, КСДП да “саясий буюртма” деп атаган. Ибраимов кармалгандыгы жарыяланган соң экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан үн катты. Ал "Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иштериндеги чындыкты жана мыйзамды тоготпоону көрүп туруп, мен Албек Ибраимовго карата тергөө калыс болоруна ишенбейм" деди.
Албек Ибраимовдун мэрликтен кетиши жана камакка алынышы күтүлүп жаткан окуялардын бири эле. Соңку 10 жылдык тарыхты ала турган болсок, бул аралыкта Бишкек шаарын башкарган мэрлердин баарына карата кылмыш иши козголгон. Алар: Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов, акыркысы Албек Ибраимов. Алардын айрымдары соттолгон, айрымдары кийин акталган. Ал эми бош калган мэрдин креслосуна талапкер болушу мүмкүн дегендердин катары күн сайын калыңдап жатат. Бишкектин шаар башчылыгына эми келүүчү адам жогорудагы маалыматка көңүл бөлүп, алар кетирген кемчиликтерден сабак алар деген үмүт бар...
Он айга жакын камакта кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кечээ үй камагына чыгарылды. Анын артынан эле бүгүн эл өкүлүнүн тарапташтары маалымат жыйын өткөрүп, Исаевдин үй камагына чыгарылышы боюнча бийлик менен эч кандай соодалашуу жана сүйлөшүү болбогонун айтышты. Исаевдин тарапташтарынын маалымат жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берип, айрым учурларда актангандай аракеттерине акыркы соттук чечимдер Исаевдин пайдасына чыгып жатканы, мындан улам "Исаев бийлик менен сүйлөшүп алды" деп айтылып жаткан кептер себеп болду көрүнөт.
Ушул жылдын башында, тактап айтсак, 4-январда аталган кылмыш иши боюнча Канатбек Исаев Биринчи Май райондук соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган болчу. Ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен бирге жазасын өтөгөн соң 3 жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салган эле. Бул кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан 2011-жылы козголгон. 28-июнда Бишкек шаардык соту Канатбек Исаевге Токмок шаарында мэр болуп турган кези боюнча козголгон кылмыш ишин эскирүү мөөнөтү өтүп кетти деп токтоткон.
5-июлда Биринчи Май райондук соту депутат Канатбек Исаевдин экинчи кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасын күчүндө калтырып, кылмыш иштин өзүн болсо кайра тергөөгө жөнөткөн. Эске салсак, өткөн жылы 30-сентябрда Өмүрбек Бабанов шайлоодон утулса, бийликти басып алууга аракет кылат деген шек менен Канатбек Исаевге кылмыш иши козголгон. Ал “кылмышка даярдануу”, “массалык баш аламандык”, “бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча ачылган. Ошол эле күнү депутат УКМК тарабынан кармалган болчу. Экинчи кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөндө коомчулукта Канатбек Исаев бул ишинен да кутулуп чыгат көрүнөт деген жоромолдор айтыла баштаган. Анын жактоочулары буга чейин бир канча жолу сотто Исаевди үй камагына чыгарууну өтүнүп келишкен. Эки апта өткөн сон райондук соттун Исаевди камакта калтыруу чечимин шаардык сот өзгөрттү.
Канатбек Исаев камакта дээрлик он ай кармалды. Анын акыркы айында гана соттук чечимдер тездик менен анын пайдасына чечиле баштады. Буга чейинки тогуз ай ичинде кандай сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар жүргөнү депутаттын жакынкы кадамдарынан белгилүү болот...