Жалал-Абад облусунда акыркы 6 ай аралыгында 234 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылдыкта 234 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 398 адам денесинен ар кандай жаракат алса, 56 адам каза болгон.
"Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу көп болду. Жалпы 63 жол кырсыгы катталса, мындан улам 11 өспүрүм көз жумган. Ал эми Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол транспорт кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу азайган. Анда 99 унаа кырсыгы катталса, андан 23 адам каза болуп, 210 адам жаракаттарды алышкан", - деди маалымат катчы.
Ошондой эле 6 ай ичинде жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айдоочуларга 21 миллион 918 миң 400 сом ѳлчѳмүндѳ айып төлөм салынган деп кошумчалайт басма сөз кызматы.