Дзюдо боюнча Кыргыз курама командасы Хорватияда өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеш 27-29-июль аралыгында Хорватиянын Загреб шаарында өтүп, ага 81 өлкөдөн 573 спортчунун катышуусу күтүлүүдө. Ал эми Кыргыз Республикасынан бул мелдешке 7 спортчу катышат.
Кыргыз курама командасы:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;
66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё;
73 килограммга чейинки салмак ченинде: Бектур Рысмамбетов;
81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов;
100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов;
Башкы машыктыруучу: Сергей Мистрюков.