24-июлда төрөлгөндөр адамдарды өзгөчө окуялары менен өзүнө тартып турат. Алар ар түрдүү кырдаалды жактырышат. Бул күнү жарыкка келгендер жашоосун улам өзгөртүп турууну жактыргандыктан бир калыпта жүргөндөн тажап кетишет. Ошондуктан жашоосун ар тараптан кызыктуу өткөргөнгө аракет кылышат.
Бул күнү төрөлгөн арстандар романтик болушкандыктан көптөгөн сүйүү мамилеси күтүп турат. Булар сезимтал келгендиктен бир адам менен мамиле курса, анын үй-бүлө мүчөсү катары алдын ала сезип ага жетүү үчүн болгон аракетин кылат.
Ушул күнү жарыкка келген адамдар кесип тандоодо сөзсүз ошол чөйрөгө көңүл бурат, анткени активдүү, динамикалуу болуусу керек. Башкысы булардын ишинде зеригиштүү болбосо эле кандай кыйынчылык болбосун өзүн бардык жактан камсыз кылып, өз ишин алып кете алат.