Албек Ибраимовду камакта калуу мөөнөтүн эки айга узарткан райондук соттун чечими өзгөрүүсүз калды

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Албек Ибраимовго чыккан Биринчи Май райондук сотунун чечимине карата доо арызды карады. Жыйынтыгында ишти карап жаткан соттук жамаат доо арызды канааттандырган жок. Тактап айтканда, райондук соттун Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-октябрга чейин узарткан чечими өзгөрүүсүз калтырды. Жактоочусу Сергей Слесарев эми Жогорку Сотко кайрыла турганын SUPER.KG'ге айтып берди.

Сот отуруму жүрүп жаткан учурда имарат алдында Ибраимовдун 30дай жакыны нааразычылык билдирип турушту. Слесаревдин айтымында, соттук жамаат аларга отурумга катышуусуна уруксат бербей койгону түрткү болду.

"Сот отуруму ачык өтүшү керектигине карабай ага Ибраимовдун жакындары гана эмес, журналисттер да киргизилген жок. Себебин эч ким түшүндүргөн жок. Жөн гана соттук жамаат милиция кызматкерлерине буйрук берип эшикти жаптырып койду. Бул жерде мыйзам бузуу болду", - деди Слесарев.

Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

15-августта Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан