SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон видеоклиптин ордуна ырчы Айдана Деканын аткаруусундагы "Жигитке" чыгармасы кошулду.
"Көптөн бери рэп айтканга кызыгып жүргөм. Анан ушул чыгарманы рэп жанрында аткарайын деп чечтим. Ал эми клип мен жакшы көргөн корей стилинде тартылды. Клипте чачымдын түстөрүн ар башка түскө өзгөртүү кыйынчылык жаратты. Ал эми клиптеги бала тууралуу айтсам, ал клиптин режиссёру, монтажёру болуп 3 жумушту аткарды. Көпчүлүгү аны корей деп ойлоптур. Бирок Кыргыз эле бала. Клипке тартылуу үчүн чачын көк түскө боёгон", - дейт ал.
18-ИЮЛДАН 25-ИЮЛГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - Айганыш Абдиеванын аткаруусундагы "Кайрылбайт өткөн кез" чыгармасы бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби камсыздаган.
8- орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" видеокомпозициясына буюрган.
7-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Кызыма" видеокомпозициясына камсыздаган.
6-орунду - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" чыгармасы ээлеген.
5-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.
4-орунду - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ыры камсыздаган.
3-орунда - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы ээлеген.
2-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.