Актёр И Бёң Хондун 9 жылдан кийин тартылган сериалы корей элинин сынына кабылды

Белгилүү корей актёру И Бёң Хон тартылган жана учурда Түштүк Кореяда көрсөтүлүп жаткан “Күн мырза” сериалы аталган өлкөнүн тургундары тарабынан сынга кабылууда. “Күн мырза” сериалында корей маданияты артта калгандай чагылдырылып, андан тышкары япондордун мыкаачылыгы жетиштүү деңгээлде ырайымсыз болбой калган” дешүүдө.

Мындай пикирди билдирип жаткан көрүүчүлөр көп болуп жаткандыктан, сериалды тартып жаткан топ жооп таратты. “Сиздерди адаштырып жатканыбыз үчүн кечирим сурайбыз, бирок сериалдагы максатыбыз Японияны мактоо эмес экендигин билдиргибиз келет”, - деп анда жазылат.

Аталган сериалдын сценаристи – Ким Ын Сук. Ал буга чейин Түштүк Кореяда жана чет өлкөлөрдө да популярдуу болгон “Токкэби”, “Күндүн мураскерлери”, “Мураскерлер”, “Жашыруун бак” сериалдарынын да сценарийин жазган. “Күн мырза” сериалы 24 бөлүктөн турат, анын 6-сериясы гана көрсөтүлгөнүнө карабай, башынан тартып эле рейтинг жаратууда.

“Күн мырза” корей телеберүүсүндөгү эң масштабдуу жана эң кымбат долбоорлордун тизмесине кирери айтылып келет. Аталган сериалга коротулган каражаттын көлөмү 40 миллион долларга чукул дешүүдө. Бир эле И Бёң Хон ар бир серия үчүн 134 миң доллар, баш-аягы жалпы 3 миллион доллардан ашуун гонорар алары тууралуу маалымат тараган.

Сериалдын сюжетинде япон оккупациясына чейинки Кореянын 1900-жылдардын башындагы мезгили чагылдырылат. И Бёң Хон корей тектүү АКШнын аскеринин ролун жаратып, ал туулган мекенине кайтканда ак сөөк кызды жактырып калгандыгы баяндалат. Кореянын көз карандысыз болуусу үчүн күрөшкөн ак сөөк кыздын ролун дагы бир белгилүү корей актрисасы Ким Тэ-Ри аткарган.

Маалымат үчүн: И Бёң Хон сериал тартуу аянтчасына 9 жылдан кийин кайтып келди. Анын буга чейинки акыркы тартылган “Айрис” сериалы 2009-жылы чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Jyldyz16
2018-07-24 19:22:16
Ким Тэ Ри,ни окуп буткучо эле Ким Тэ Хи деп суйунуп алыпмын
0
Potriot.KGstan
2018-07-24 19:37:56
Кимина доско...
+4
monster_high_98
2018-07-24 19:39:36
Мына элдер ушинтип эле тарыхый кинолорун тартып отуруп,жаштарына улгу болот,а биздин жаштардан тарыхты сурасак билбейт,китепке кызыгуусу жок болуп калган,бирок ушундай тарыхый сериялдарды тартсак балким кабардар болмокпуз,Курманжан Датка менен чектелбей!
+5
Aima94
2018-07-25 15:56:55
Ким Тхэ Ри актриса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан