Адис: "Балдарга 6 айга чейин эмчек эмизүү ымыркайлардын өлүмүн 25 пайыздан 40 пайызга чейин азайтат"

Балдарга 6 айга чейин эмчек эмизүү ымыркайлардын өлүмүн 25 пайыздан 40 пайызга чейин азайтат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев маалымат жыйынында билдирди.

"Дүйнөлүк изилдөөлөрдүн натыйжасында адистер жаңы төрөлгөн ымыркайларды эне сүтү менен багуу наристелердин өлүмүн 40 пайызга чейин азайтат. Ымыркайлардын сырткы чөйрөгө туруштук беришинде жана дени сак чоңоюшунда эне сүтүнүн ролу абдан чоң", - деди Узакбаев.

Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы дүйнөнүн 170 өлкөсүндө 1-7-август аралыгында эмчек эмизүүнү стимулдаштыруу жана балдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн өткөрүлөт. Биринчи жолу эмчек эмизүү жумалыгы 1991-жылы алгачкы 6 айга чейин жалаң гана эмчек эмизүүнү колдоо жана коргоо үчүн өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
HanTegin
2018-08-01 10:25:51
А биз жакында учко чыгабыз дагы эле ээмип журот
+4
karakozum
2018-08-01 10:32:55
HanTegin, мен 3 жарым жашка чейин эмип чонойгом. Азыр эне сутунун пайдасы чон экенин сезип отурам. Кудай сактасын, коп грип болбойм, ден соолугум Кудайга шугур жакшы. Апама туболук ыраазымын, буюрса биз да эне болобуз, иш деп журо бербей балабыздын ден соолугун карашыбыз керек деп ойлойм.
+2
Rasul94
2018-08-01 19:32:15
HanTegin,эмизе бер эже.коп эмген жакшы мен 4жашта да эмген экем.Азыр шугур боюм 1-75
Салмак 1 75
+1
vikidiki
2018-08-01 12:21:07
Буюрса биз дагы 2.5жашка чейин эмсек деп атабыз. Атабыз чыгарба дейт.
0
AKCAHAT
2018-08-01 13:44:06
Наристелердин олуму эмчек эмизгенден эмес. Бизде шалаакылыктан улам наристелер коп олумго учурайт. Родомдон чыгып уйундо коз жумган наристе 50дон 2 - 3 гана. Копчулугу торот учурунда олот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан