"Шаар мэрин депутаттар эмес, шаар тургундары шайлашы керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Жээнбековдун айтымында, шаар мэрлерин шайлоо тартибин өзгөртүү керек. "Бул иш-чарадагы менин негизги сунушум ушул болот. Болбосо туугандык, кландык жолдор менен коррупцияга баткан мэрлер шайлана берет", - деди Жээнбеков.
Учурда Бишкекте "Шаар мэрлерин жана шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо. Көйгөйлөр жана чечими" деген аталыштагы тегерек стол өтүүдө. Ага саясатчылар, жарандык активисттер жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.