Баланы эмизүү энелердин рак илдетине кабылуу коркунучун азайтат. Бул тууралуу маалымат жыйында ЮНИСЕФтин Кыргыз жергесиндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкие Мокуо билдирди.
"Эмчек cүтү - наристелер үчүн эң мыкты азык. Эне сүтү менен чоңойгон балдар жана өспүрүмдөр ашыкча салмак ооруларына аз кабылышат. Эмчек эмизүү энелердин да рак, кан диабети, төрөттөн кийинки депрессия сыяктуу ооруларга кабылуу коркунучун азайтат", - деп билдирди Мокуо.
Эмчек эмизүү менен жыл сайын дүйнөдөгү 820 миң наристени ар кандай оорудан куткарып калууга мүмкүнчүлүк бар. Дүйнө жүзүндө наристелердин 40 пайызы гана 6 айга чейин бир гана эмчек эмүү менен чоңоюшат.